Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Нарындын айрым райондорунда кар жаайт

Кыска кабар | 11 Мар 2020 | 446 | 0

Эртең, 12-мартта түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз күн ачык болот. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13;

Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 9…14;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -1…-6 градус болот.

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 11…13 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM