Биз менен байланышыңыз

ТИМ Иранда калган кыргызстандык айдоочулар боюнча үн катты

Кыска кабар | 11 Мар 2020 | 492 | 0

Коронавирустун жайылышына байланыштуу Ирандын аймагынан чыга албай жаткан кыргызстандык 62 айдоочу буга чейин өлкө жетекчилигинен Ирандын аймагынан чыгарып кетүүнү суранып, видео кайрылуу жолдошкон болчу.

Бул маселени чечүү боюнча Тышкы иштер министрлиги Азербайжандын тиешелүү органдары менен сүйлөшүп, иран- азербайжан транзиттик коридору аркылуу өтүүсүн сүйлөшүүгө жетишкен.

9-мартка карата иран-азербайжан чек арасындагы «Астара» өткөрмө бекетинде 23 кыргызстандык айдоочу турган. Бүгүнкү күндө алардын он бири аталган өткөрмө бекеттен өткөрүлгөн. Учурда калган 12 айдоочунун унаалары менен өтүүсү күтүлүп жатат.

Кыргызстандын Баку шаарындагы элчилиги «Астара» өткөрмө бекетинин башчысы жана ал жердеги кыргызстандык айдоочулар менен байланышууга жетишкен.

Ошондой эле, 7-мартта Кыргызстандын Ирандагы элчилиги иран-түркмөн чек арасындагы «Серахс»  жана «Лютфабад» өткөрмө бекеттерине барып, айдоочуларга укуктук жактан маалымат беришкен.

Тышкы иштер министрлиги, Баку шаарындагы жана Ирандын Тегеран шаарындагы элчилик Ирандагы кыргызстандык айдоочуларды чыгарып кетүү, ошондой эле, Азербайжан аймагы аркылуу транзиттик жол менен алып кетүү боюнча иш алып барышууда.

Буга чейин кыргызстандык айдоочулар унааларында күйүүчү май түгөнүп, тамак-аш да калбай калганын айтып, ошол эле учурда Кыргызстандын Ирандагы консулу аларга күтүп турууну айтканын билдирген болчу.

Эске салсак, Азербайжан коронавируска байланыштуу Иран манен болгон чек арасын 29-февралда 2 жумага жапкан.

Copyright © 2017 Maral FM