Биз менен байланышыңыз

Абдыгулов: Доллар жыл соңуна чейин ушул калыпта калса, инфляцияга 1% таасир этет

Кыска кабар | 11 Мар 2020 | 533 | 0

Ички валюта рыногунда жагдай туруктуу, долларда дефицит жаралбайт. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, тышкы чөйрөдөгү жагдай Кыргызстандын экономикасына түзмө-түз таасир этпейт. Мындай абал мунай заттын баасы өзгөргөнүнө байланыштуу болуп жатат. Учурда эч кандай көйгөй жок. Доллар, евро сатып алууга чектөө жок.

Улуттук банк түптөлгөн кырдаалга кылдат байкоо жүргүзүп турат жана анын кесепеттерин төмөндөтүү үчүн зарыл инструменттерге ээ. Рубль курсу түшүп жатканы менен акчанын агымы өзгөрбөйт. Мурда канча рубль келсе, ошондой көлөмдөгү каражат келет, — деди Абдыгулов.

Ошондой эле ал учурда доллардын курсу туруктуу болуп калганын айтып, (72,…) базар баасы ушул чекте жүрө бере турганын билдирди.

Резервде 2.4 млрд доллар бар. Доллардын курсу жыл соңуна чейин ушул калыпта калса, жалпы инфляцияга 1% таасир этет. Бир айдан кийин кандай абал болорун эч ким билбейт. Бир да экономист бир жылга божомол бере албайт, — деди Абдыгулов.

Copyright © 2017 Maral FM