Биз менен байланышыңыз

Монголия: Коронавирус катталды  

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 1778 | 0

Монголияда коронавирустун жаңы түрүнө чалдыккан алгачкы учур катталды. Илдетке кабылган адам Франциянын жараны экенин Монголиянын Монцамэ агенттиги жазып чыкты.

Ага ылайык, бүгүн 10-мартта Моноголиянын Өзгөчө кырдаал боюнча мамлекеттик комиссиясы чукул жыйын уюштурду.

Бейтап Дорноговь аймагында карантинге алынды. Ал эми аны менен байланышта болгон Монголиянын 2 жараны аймакты таштап кеткен. Алар карантиндин шарттарын бузганы үчүн жоопкерчиликке тартыларын өлкөнүн Өзгөчө кырдаал боюнча мамлекеттик комиссиясы белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM