Биз менен байланышыңыз

Ноокат: Эки айда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 20 учур катталды

Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 331 | 0

Ноокат райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргыз-Ата айыл аймагында жергиликтүү жашоочулардын катышуусунда «Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу», «Үй –бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы» жана «Жугуштуу оорулуардын алдын алуу» деген аталышта атайын түшүндүрүү иш-чарлары өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага 8 орто мектептин 9-10-11-класстарынын окуучулары катышты. Аларга тийиштүү адистер кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун жана жугуштуу орулардын кесепеттери боюнча атайын лекциялар окулуп, иш-чарага катышкандардын суроолоруна жооп беришти.

Кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча атайын иш-мерчемдер түзүлүп, бул багытта тынымсыз иштер жүргүзүлүүдө. Иш-чара башка айылдарда да улантылмакчы.

Кошумчалай кетсек, Ноокат районунун аймагында ушул жылдын 2 ай аралыгында үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 20 учур катталган.

Copyright © 2017 Maral FM