Биз менен байланышыңыз

Футболчу Гулжигит Алыкулов “Кайрат” үчүн алгачкы расмий беттешин ойноду

Кыска кабар , Спорт | 8 Мар 2020 | 96 | 0

Кыргызстандык футболчу Гулжигит Алыкулов Казакстандын “Кайрат” командасы үчүн алгачкы расмий беттешке ойноду.

2019-жылдагы Кыргызстандын мыкты футболчусу кечээ, 7-мартта Казакстандын чемпионатынын алгачкы турунун алкагында “Тараз” клубуна каршы беттеште талаага чыкты. Беттештин 80-мүнөтүндө эсеп 1:1 болуп турганда алмашууга чыккан Алыкулов өз командасынын гол киргизишине жардам берди. 83-мүнөттө алматылыктар гол киргизип, жеңишке жетишти.

Гүлжигит Алыкулов ушул жылдын башында Алматы шаарынын “Кайрат” клубу менен келишим түзгөн. Келишим 2+1 схемасы боюнча түзүлгөн.

Буга чейин ал Беларустун “Неман” клубунда ойноп келген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM