Биз менен байланышыңыз

Токмоктогу «Энергосбыттын» жетекчиси Улан Мукаев боюнча ишти милиция карап жатат

Кыска кабар | 8 Мар 2020 | 666 | 0

Токмок шаарынын «Энергосбыт» ишканасынын жетекчиси Улан Мукаевдин кайрылуусу боюнча милиция текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлайт.

Мукаев социалдык тармакта видео аркылуу президентке кайрылып, шаардагы мыйзамсыз иштерди көзөмөлгө алууну өтүнгөн.

Жабырлануучунун айтымында, аны Токмок шаарынын мэри Данияр Амангелдиевдин иниси Замир Амангелдиев жана белгисиз бирөөлөр сабап, кызматынан баш тартууга мажбурлаган. Улан Мукаев өмүрүнүн коопсуздугуна байланыштуу арыз жазганын айтат.

Өз кезегинде Данияр Амангелдиев Мукаевдин арызын жалган жалаа жана чагымчылдык деп сыпаттаган.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Улан Мукаев Бишкек шаарынын эки тургунуна карата чара көрүүнү өтүнгөн. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жогоруда көрсөтүлгөн жаран ички иштер кызматына арыз менен кайрылган эмес. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Милиция тарабынан бардык жарандардын өздүгү аныкталган. Сотко чейинки иш улантылууда, — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM