Биз менен байланышыңыз

Президент жергиликтүү соттордун 3 судьясын кызматтарынан бошотту

Кыска кабар | 6 Мар 2020 | 422 | 0

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-мартта жергиликтүү соттордун үч судьясын кызматынан бошотту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчысы кол койгон Жарлыкка ылайык, Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы Сергей Кузьменко, Нарын шаардык сотунун судьясы Айнагүл Жоробекова жана Ош шаардык сотунун судьясы Адинахан Кадырова кызматтарынан бошотулду.

Алар Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде өз каалоолору менен ээлеген кызматтарынан мөөнөтүнөн мурда баш тартышкан.

Copyright © 2017 Maral FM