Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө парацетамол таңкыстыгы пайда болушу мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Мар 2020 | 2445 | 0

Коронавирус дүйнө боюнча жайылып жатышы дары-дармектердин таңкыстыгына алып келиши ыктымал. Бул медициналык каражаттардын эң ири экспортчусу болгон Индия дары-дармектерди экспорттоого чектөө киргизгени менен байлашыштуу.

5-мартка карата Индияда 29 адамдан коронавирус аныкталды.

Индия дүйнөлүк рынокко экспорттогон женериктин 26 түрүнө (активдүү колдонулган дары түрлөрү) чектөө киргизди. Алар температура, баш оору жана оорунун алдын алуучу препараттар, анын ичинде талап күч болгон парацетамол да бар.

Андан сырткары, тинидазол жана эритромицин, гормон прогестерон жана витамин B12 сыяктуу антибиотик түрлөрү бар.

Индиядагы фармацевтикалык өндүрүштүн 70 пайызга жакыны кытайлык ингредиенттерден көз каранды. Ал эми учурда Кытайда көптөгөн фармацевтикалык заводдор коронавирустун айынан жумушун токтоткон.

Индия бийлиги дарылардын 3 айга жетерлик  камы бар экендигин айтууда.

Бирок Оксфорд университетинин экономисттери чектөөдөн улам дары-дармектердин баасы асманга кымбатташынан качуу мүмкүн эместигин эскертишүүдө.


Коронавирус 80ден ашык өлкөгө жайылды [тизме]


Кытайда вирусту жуктургандардын саны 80 565ке жетти. Жалпы дүйнө боюнча 95 миңден ашык адам вируска кабылган. Кытайда 3016 адам коронавирустан каза болду. SARS-CoV-2 коронавирусу башталгандан бери вируска кабылгандардын 53 миңден ашыгы эмделип, илдеттен айыкты.

Copyright © 2017 Maral FM