Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Мамлекет адилет, көз карандысыз соттук корпусту түзүүнү максат кылат

Кыска кабар | 5 Мар 2020 | 429 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-мартта, Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоо катында өлкө башчысы жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформалардын максаты — жарандарыбыздын укуктарын натыйжалуу коргой ала турган, мыйзамдуулукту бекем сактаган, адилет, көз карандысыз соттук корпусту түзүү экенин белгилейт.

Бул реформанын ийгилиги — элибиздин ишенимине арзыган, адамдардын укуктарынын сакталышын кынтыксыз камсыздаган акыркы инстанцияны калыптандыруу жана коомдун талаптарына жооп берген, улуттук кызыкчылыктарды коргоого жөндөмдүү сот системасын орнотуу менен өлчөнөт, — деп айтылат куттуктоодо.

Президент ошондой эле, сот кызматкерлерине мамлекет тарабынан артылган судьялык жогорку жана ардактуу милдеттерге жоопкерчиликтүү мамиле кылып, элибиздин үмүтүн актап, мыйзамды бийик сыйлаган кесипкөй адис болот деген ишенимин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM