Биз менен байланышыңыз

Судьялар Ардак грамота жана энчилүү сааттар менен сыйланды

Кыска кабар | 22 Мар 2021 | 640 | 0

«Сот системасынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн» бир катар судьяларга премьер-министр Улукбек Мариповдун атынан сыйлык тапшырылды.

5-мартта белгиленген Кыргызстандагы Сот кызматкерлеринин кесиптик күнүнө байланыштуу премьер-министрдин буйругу менен төмөнкү судьялар өкмөттүн Ардак грамотасы менен сыйланды:

— Гилязетдинова Инара Илгизовна — Жогорку Соттун судьясы;

— Байсов Кылыч Таштанбекович — Аламүдүн райондук сотунун төрагасы.

Энчилүү саат менен сыйланган судьялар:

— Каипов Эмилбек Өскөнбаевич — Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы;

— Апасова Таалайгүл Туратбековна — Жогорку Соттун аппаратынын референти;

— Койломбаев Азамат Ишимбекович — Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары.

Эске салсак, 5-март Кыргызстанда Сот кызматкерлеринин кесиптик майрамы болуп белгиленет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM