Биз менен байланышыңыз

Бүгүн ооган согушунун 30 жылдыгы белгиленди

Кыска кабар | 15 Фев 2019 | 944 | 0

Мындан 30 жыл мурун, 1989-жылдын 15-февралында советтик аскерлер ооган жергесинен толугу менен чыгып кеткен. Бул күнгө карата Бишкек шаарындагы Улуттук филармонияда иш-чара өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Мамлекет башчысы ооган ардагерлерине кайрылып, алардын активдүү иштерине ыраазычылык билдирди.

Президент мамлекет экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша Ооган ардагерлерине социалдык колдоосун үзбөй көрсөтүп жатканын, башка социалдык-экономикалык маселелердин катарында алардын да маселелери ырааты менен чечилерин белгиледи.

Ошону менен бирге Жээнбеков советтик аскерлердин Ооганстандан толук чыгарылышынын 30 жылдыгы менен куттуктап, тогуз ардагерге президенттин энчилүү саатын тапшырды.

Айта кетсек, Кыргызстандан Ооган согушуна 7400 жоокер барган. Алардын ичинен  300дөн ашууну курман болуп, бир жарым миңдейи жараат алышкан. Алты жүзгө жакыны майып болуп кайткан. 2 кыргызстандык жоокерге «Советтер союзунун баатыры» наамы берилген. Кайтып келгендери Ооган согушунда алган психологиялык  стресстен улам эч жерде иштей албай, көпчүлүгү оорукчан болуп калган. Айына 6000 сом өлчөмүндө мамлекет тарабынан жөлөк пул алышат.

Copyright © 2017 Maral FM