Биз менен байланышыңыз

Баткен: Мурда 2 жолу соттолгон жарандын жанынан курал-жарактар табылды

Кыска кабар | 4 Мар 2020 | 512 | 0

Баткенде мурда 2 жолу сот жообуна тартылган, Ички иштер министрлигинин атайын каттоосунда турган, кримчөйрөдө өз орду бар 32 жаштагы С.Н.аттуу жаран Баткен шаарында жашынып жүргөн жеринен аныкталып кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кармалган С.Н. аттуу жаран буга чейин, атап айтканда, 20-февраль күнү 5 баш жылкы уурдап, издөөдө жүргөн.

Бул факты Баткен ШИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине Жазык кодексинин 200–беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Аны кармаган учурда жанынан белгисиз маркадагы автомат, пистолет, бычак жана кара маска алынган.

Алынган заттарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.

 

Copyright © 2017 Maral FM