Биз менен байланышыңыз

Баткен: Бир жумада мас абалында унаа башкарган 29 жаран кармалды

Кыска кабар | 24 Фев 2020 | 613 | 0

17-23-февраль аралыгында Бузуулар Кодексинин негизинде 813 протокол түзүлдү. Алардын ичинен:

  • ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочулар -132;
  • айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган айдоочулдар -11;
  • мас абалда унаа башкаргандар -29;
  • айнегин караңгылаткандар (тоннировка) -2;
  • убактылуу короого токтотулган унаалар -38.

Ошондой эле жума ичинде мамлекеттик кызматкерлер тарабынан 2 айдоочу мас абалда унаа башкарып кармалган. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Мындан сырткары, жума ичинде 2 жол кырсыгы катталып, каза болгондор жок.

Баткен облусундагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүнүн кызматкерлери жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында күндүзгү жана түнкү кызматтарда иш алып барып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM