17-23-февраль аралыгында Бузуулар Кодексинин негизинде 813 протокол түзүлдү. Алардын ичинен:
- ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочулар -132;
- айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган айдоочулдар -11;
- мас абалда унаа башкаргандар -29;
- айнегин караңгылаткандар (тоннировка) -2;
- убактылуу короого токтотулган унаалар -38.
Ошондой эле жума ичинде мамлекеттик кызматкерлер тарабынан 2 айдоочу мас абалда унаа башкарып кармалган. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Мындан сырткары, жума ичинде 2 жол кырсыгы катталып, каза болгондор жок.
Баткен облусундагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүнүн кызматкерлери жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында күндүзгү жана түнкү кызматтарда иш алып барып жатат.