Биз менен байланышыңыз

УКМК: Талантбек Исаевге карата кылмыш иши токтотулду

Кыска кабар | 4 Дек 2019 | 384 | 0

Мамлекеттик адистештирилген күзөт башкармалыгынын башчысы Талантбек Исаевге карата кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 23-октябрында Мамлекеттик адистештирилген күзөт башкармалыгынын башчысы Талантбек Исаевге Кылмыш жазык кодексинин 320-беренесинин биринчи бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталган.

Ички иштер министирлиги териштирүүдөн соң, Талантбек Исаевдин 2011-жылдын 30-майында «Манас менеджмент» компаниясынын вице-президенти болуп турган убакта директорлор кеңешинин чечими менен пайыссыз насыя алып, кийин толугу менен төлөгөндүгү аныкталган. Ошондой эле, Исаевдин мындай аракети «Ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамга каршы келбей турганы жана Кылмыш жазык кодекси боюнча кайсы бир кылмыштын элементтери жок экендиги айтылган.

Буга байланыштуу 3-декабрда Талантбек Исаевге карата кылмыш иши токтотулду.

Эске сала кетсек, депутат Канатбек Исаев укук коргоо органдары тарабынан 30-сентябрда “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген шек менен кармалган. Андан кийин агасы Талантбек Исаев ИИМдин Күзөт башкармалыгынын башчысы кызматынан кетүү тууралуу арызын жазган.

Кийинчерээк Канат Исаевге карата кылмыш иши токтотулуп, Талантбек Исаев кызматына кайтып келген.

26-ноябрда Кылмыш жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесине ылайык, кайрадан кылмыш иши козголгон болчу.

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM