Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан» кечикти. Активисттер имаратка жайгашкан видеокамераларды текшерүүнү суранышты

Коом , Кыска кабар , Саясат | 24 Авг 2020 | 5161 | 0

Коомдук активисттер «Кыргызстан» партиясы талапкерлеринин тизмесин БШКга өз убагынан кеч бергенин айтып чыгышты. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова мындай маалыматтарды четке кагууда.

Талапка ылайык, шайлоого катыша турган партиялар талапкерлеринин тизмесин бүгүн саат 18:00гө чейин тапшырышы керек болчу.

Шайлдабекованын айтымында, саат 18:00дө партия БШКнын каттоосунан өткөн, ал эми жетишпей жаткан кагаздарды толуктоо үчүн кечки 18:00дөн кийин деле уруксат бар. Партиянын лидери Канат Исаев саат 18:00гө чейин документтерди өткөрүп, андан кийин толуктоо болгонун айткан.

Бирок БШКнын имаратынын алдында туруп, кырдаалды жеринен чагылдырып жаткан журналист жана активисттер шайлоо эрежелери бузулуп жатканын айтышууда. Активисттер «Кыргызстан» партиясы саат 19:00 чамаларында гана Боршайкомдун имаратына келип, бир баштык документ көтөрүп кирип кеткенин айтып жатышат.

"Кыргызстан" партиясы, актанып бүттүңөрбү? Мен жөн жерден ызы-чуу кылбайм. Силер кандай жоопкерсиз экениңерди жакшы…

Опубликовано Кудретом Тайчабаровым Понедельник, 24 августа 2020 г.

Нуржан Шайлдабекова журналисттерге маалымат берүү үчүн сыртка чыгып, «Кыргызстан» партиясы бардык документтерди өз убагында бергенин айтты.

Жеринен кырдаалды байкап турган активисттер мекеменин имаратында жайгашкан байкоочу камераларды текшерүүнү суранышты. Алар аталган партиянын лидери Канат Исаевдин БШКга кайсы убакта келгенин карап чыгууну айтып жатышат.

Шайдабекова алардын суранычын орундатып же орундатпай турганын БШКнын кызматкерлери менен кеңешүү үчүн имаратына кирип кетти.

00:20

Жарандык активисттер жана партия өкүлдөрү Боршайкомдун имаратынын алдында «БШК чыксын» деген чакырык менен үн салды. Ошондон кийин гана имараттын эшиги ачылып, активисттерди жыйындар залына киргизишти.

Учурда Канат Исаевдин саат канчада келгенин тастыктоо үчүн видеокамералардагы жазуулар каралууда.

Copyright © 2017 Maral FM