Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан» партиясы съездде бекиткен тизмесин БШКга убагында жеткирбегени айтылууда

Коом , Кыска кабар , Саясат | 24 Авг 2020 | 1000 | 0

Бүгүн, 24-августта Борбордук шайлоо комиссиясына бардык саясий партиялар талапкерлердин тизмесин бериши керек болчу. Документтерди кабыл алуу мөөнөтү саат 18:00 дегенде бүтмөк.

Бирок, айрым маалымат каражаттары «Кыргызстан» саясий партиясы талапкерлеринин тизмесин өз убагында жеткирип бербегенин жазышууда. Муну Боршайкомдун жетекчи орун басары четке кагып, «Кыргызстан» партиясын каттаганын «Кактус медиага» билдирди.

Урматтуу президент!Борбордук шайлоо комиссиясы!Урматтуу партиялар!Эгер БШК "Кыргызстан" партиясын тизмеге кошчу…

Опубликовано Кудретом Тайчабаровым Понедельник, 24 августа 2020 г.

Кээ бир активисттер социалдык тармактагы баракчаларында жазганына караганда, учурда  «Реформа» партиясынын өкүлдөрү БШКнын мекемесинде турушат. Алар Боршайкомдон «Кыргызстан» партиясынын документтерин көрсөтүүнү талап кылып жатышат.

«Кыргызстандын» лидери Канат Исаев болсо, документ өз убагында берилгенин айтууда. Ал маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде бул сөздүн чыгышына документтеги мүчүлүштүктөр себеп болгонун айтып, актанды.

Эске салсак, бүгүн БШК талапкерлердин тизмесин кабыл алууну токтотту. Мекеме алардын өздүгүн тактап, 3-сентябрга чейин териштирет.

4-сентябрдан тарта бир айлык үгүттөө иштери башталат. Боршайком каттоодон 16 гана партия өткөнүн маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM