Биз менен байланышыңыз

БШК «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетти

Кыска кабар | 25 Авг 2020 | 9866 | 1

“Кыргызстан” партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына берген документтери кайра кайтарылып бериле турган болду. Мындай чечимди БШК 25-августтагы жыйынында кабыл алды. Жыйынга комиссиянын 9 мүчөсү катышып, сунушту 8и колдоду. Буга документтердин партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн коштоосусуз келгени себеп болду.

Эскерте кетсек, БШКнын жумушчу тобу “Кыргызстан” партиясынын документтери ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан алынып келинбегенин айтып, партиянын документтерин кайтарып берүүнү сунуш кылган болчу. Ал эми ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Абелдиева ден соолугуна байланыштуу келе албай калганын айтып түшүндүргөн.

«Кыргызстан» партиясы тиешелүү документтерин БШКга 25-август күнү саат 18:00дөн кийин алып келгени айтылган. Ошол себептүү башка партия өкүлдөрүнөн «Кыргызстан» мыйзам бузганы, бул үчүн атайын баа берилиши керектигин талап кылышкан. Бирок партия лидери Канатбек Исаев баары мыйзам чегинде болгонун, документтер атайын өкүл тарабынан БШКга жеткирилгенин белгиледи.

1 пикир

1 пикир

  1. токмерген

    25.08.2020 20:02

    Принципке таянуу керек. Эмнеге акыркы минутка чейин жүрүшөт. Өздөрү нарушенияга түртүп жатышпайбы. Сооп болот албаш керек

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM