Биз менен байланышыңыз

Канат Исаев: 100 миңдеген шайлоочусу бар партияны четтетүү чекилик болот

Кыска кабар | 25 Авг 2020 | 4782 | 0

БШКнын партияларды каттоосуна документтерди кечиктирип тапшырганы айтылып жаткан «Кыргызстан» партиясы бүгүн маалымат жыйын өткөрдү. Жыйында аталган партиянын лидери Канат Исаев БШК төрайымына активисттер тарабынан басым болгонун айтты.

Исаевдин айтымында, БШКнын партиялардын документ тапшырууга келген убактысын каттаган журналын текшерүүгө эч кайсы партиянын укугу жок. Ошондой эле Исаев каттоо журналындагы «18:00″деп жазылган убакытты, «17:59″деп ким өзгөрткөнүн же оңдоо киргизгенин билбей турганын кошумчалады.

«Кыргызстан» кечикти. Активисттер имаратка жайгашкан видеокамераларды текшерүүнү суранышты

Партия лидеринин пикиринде, «Кыргызстан» партиясы шайлоодон четтеп калбашы керек. Себеби, партиянын 100 миңдеген шайлоочулары бар.

«Ушундай фаворит, артында 100 миңдеген шайлоочусу бар партияны четтетүү чекилик болот», — деп кошумчалады Канат Исаев.

Эскерте кетсек, кечээ, 24-августта парламенттик шайлоого катыша турган партиялар  партиялык тизмелерди БШКга саат 18:00гө чейин тапшыруусу айтылган. Ал эми бир канча активисттер жана башка партиянын өкүлдөрү «Кыргызстан» партиясы белгиленген убакыттан кеч келгенине карабай, БШК мыйзам бузуп, алардын документтерин кабыл алды деген кине коюуда. БШК бул маселени бүгүн карап, бир жыйынтыкка келери күтүлүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM