Connect with us

Кутурма оорусунун кантип алдын алса болот?

Кыска кабар | 4 Мар 2020 | 2074 | 0

Кутурма дартына үй жаныбарларын кармоо эрежелерин туура сактабагандан, малды жана башка жандыктарды убагында эмдебей жана медициналык жардамга кеч кайрылгандан улам чалдыгат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жара болгон жерди гана жууп-тазалап коюу кутурма оорусунан сактабайт, өз убагында медициналык жардам алыш үчүн мүмкүн болушунча тезирээк саламаттык сактоо мекемесине кайрылыш керек. Ал жерден жараны жууп-тазалап, зарылчылыгына жараша кутурмага каршы вакцина сайышат.

Кутурма эмнеден жана кантип жугушу мүмкүн:

Оорулуу ит-мышыктардан, түлкү-карышкырлардан жана башка жылуу кандуу жандыктардан;
Оорулуу жаныбардын тиштешинен, тытып алышынан жана шилекейинен, ошондой эле анын шилекейи чачырап калган буюмдарынан жугат.

Оорунун биринчи белгилери:

  • Тиштеген жер жарасы толук айыкса да, ачышып (ооруп, дүүлүгүп, тери сезгенчээк тартып) калат;
  • Тиштеген жер сезгенип, кызарып, шишийт;
  • Дене табы 37,3 градуска чейин көтөрүлөт;
  • Тиштеген учурда биринчи жардам көрсөтүү керек.

Оорулуу жаныбардын шилекейи менен кошо дартты козгогучту жууп салыш үчүн жараны же шилекей тийген жерди дароо жылуу суу менен самындап жууш керек, канды соруп чыгарууга такыр болбойт.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM