Биз менен байланышыңыз

Планды аткара албаган салыкчыларга сөгүш берилди

Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 308 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын 77 кызматкери (салыкчы) тартиптик жазага тартылды. Бул тууралуу мекеме бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат.

Кызматкерлер тартиптик жазага 2019-жылдагы пландын аткарылышы боюнча коллегиянын чечимдерин аткарууда кетирген кемчиликтери үчүн тартылышкан.

Тактап айтканда, аймактык салык органдарынын 4 бөлүм башчысына катуу сөгүш жарыяланды. 8 салык органынын жетекчиси, жетекчинин 1 орун басары, 4 бөлүм башчы жана укуктук маселе боюнча 2 адис сөгүш алышты.

«Ошондой эле 28 салык органынын жетекчиси, жетекчинин 6 орун басары, 16 бөлүм башчы жана укуктук маселе боюнча 8 адиске эскертүү берилди», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM