Жогорку Кеңеш 2020-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү тууралуу өкмөттүн маалыматын укту. Өкмөт дыйкандарды үрөн, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу каражаттар менен камсыздоодо көйгөйлөр болбойт деп билдирди. Ошондой эле быйыл асыл тукум мал лизингге бериле баштаганын белгиледи. Депутаттар быйылкы жылдын кургакчыл болору тууралуу кооптонуусун айтышты.
Быйыл өлкө аймагындагы жалпы айдоо аянттары 1,19 млн гектарды түзөт. Жазгы себүү иштери 745 миң гектар жерде жүргүзүлөт. Ушу тапта дыйкандарды сапаттуу үрөн, жер семирткич, күйүүчү май менен камсыз кылуу, айыл чарба техникаларын жаңыртуу, ирригациялык тутумдарды оңдоо чаралары көрүлүүдө. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын белгилешинче, «Айыл чарбасын каржылоо – 8» долбоору ишке киргизилип, дыйкандар 6 пайыздуу үстөгү менен жеңилдетилген насыяларды ала баштады.
-Азыр «Айыл чарбасын каржылоо – 8» долбоору ишке киргизилип, дыйкандар 6 пайыздуу үстөгү менен жеңилдетилген насыяларды ала баштады. Быйыл 395 миң тонна семирткич керектеле турган болсо, азыр кампаларда анын 30 миң тоннасы бар. 40 тонна күйүүчү май керектеле турган болсо, анын 30 пайызы даяр. Жалпы үрөн даярдоого 64 млн сом каралган. Кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү 99 пайызга, беде үрөнү 94 пайызга даярдалды.
Биринчи вице-премьер-министрдин кошумчалашынча, мурда лизингге айыл чарба техникалары эле берилип келсе, өткөн жылдан тарта асыл тукум мал бериле баштаганы белгилүү болду. «Мисалы, Чүй облусундагы «Чабрец» чарбасы Европадан асыл тукум уйларды алып келди.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында 600 мамлекеттик жана жеке менчик айыл чарба ишканалары, 3 миңден ашуун фермерлер бар. Ошондон улам, айыл чараба өнүмдөрүнүн 97 пайызы жеке чарабаларга таандык. Бул тууралуу айыл чарба министри Эркинбек Чодуев билдирди. Муну менен катар 2019-жылдын жыйынтыгында 1 гектар аянттан орто эсеп менен 26-27 центнерден дан алынганын белгиледи.
Деген менен депутат Төрөбай Зулпукаров “былтыр 240 миң гектарга буудай эгилди” деген маалымат бар экенин эске салып, азыркы шартта түшүмдүн мынчалык болушу таптакыр мүмкүн эмес экенин айтып, маалыматты тактап коюуга кеңеш берди.
Ал эми эл өкүлү Зиядин Жамалдинов Кыргызстанда өндүрүлгөн нефтинин дыйкандарга кымбат сатылып жатканына министрдин көңүлүн бурду.
Чодуев: Бугүнкү күндө биз Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясы менен меморандумга кол койдук. 44 сом орточо баа. Нефтебазада мындан 2 сомго төмөн болот.
Жамалдинов: Кубатбек Айылчыевич бул көңүл буруу зарыл болгон маселе. Бизде өзүбүздө солярка өндүрүлөт. Өздүк наркы менин билишимче 35-36 сомдун тегерегинде. Эмне үчүн дыйкандарга түз бербейбиз? Өзүбүздөн өндүрүлбөсө бир жөн, — деди.
Талкуу учурунда сугат суу маселесине байланыштуу суроолор көп берилди. Депутат Жыргалбек Турускулов кышында кар аз жааганын белгилеп, «суу тартыштыгы болбойбу» деп кооптонду.
Ѳкмөттүн алдындагы Суу ресурстары Мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Абдибай Жайлообаевдин маалымдашынча, суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу аз.
-Алдын-ала жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянганыбызда, быйыл көпчүлүк суу бассейндеринин көлөмү 10-12%га чейин төмөн болору болжолдонууда. Бирок так маалымат апрель айында чыгарылат.
Жайлообаев мындан сырткары, «Орто-Токой» суу сактагычында жыл сайын 140 млн куб суу топтоло турганын, аны менен 148 миң гектар жерди сугарса болорун, анын ичинде Казакстандын да үлүшү бар экенин, Кыргызстан азыр анын 22 пайызын гана колдонуп жатканын белгиледи. Ошондой эле, “Киров” суу сактагычынан 90 пайыз суу Казакстанга кетери айтылды. Мындан улам, эл өкүлү Кенжебек Бокоев кошуна өлкөнү кенемтени төлөттүрүүгө милдеттендирүү боюнча сунуш берди. Буга кошумча бош калган жерлерди иштетүүгө кызыктар адамдарга шарт түзүү зарылчылыгын белгиледи.
-70 миң гектар бош калган жерлер өзүнчө чоң маселе. Анын жоопкерчдиги да бар. Ошол жерлерге тамчылатып суу чыгарып, бак тигем дегендерге инвест долбоор менен каражат берүү боюнча тапшырма берсек. Бул маселени чечүүбүз зарыл
Депутат Иса Өмүркулов айыл чарба министрлигине Эркинбек Чодуев жетекчи болуп келгенден бери мекеменин ишинде өзгөрүү болбой жатканын баса белгиледи.
Эл өкүлүнүн пикиринде, айыл чарба министрлиги азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн эл аралык рынокко байкоо жүргүзүп, импортту кыскартуу менен, айыл чарба өнүмдөрүнүн экспортко чыгышына мүмкүнчүлүк түзүүгө тийиш.
Айыл чарба тармагында көйгөйлөр көп экенине кошулганын айткан министр кызматка келгенине 9 ай эле болгонун белгилеп, “буюрса, жакшы натыйжалар болот”, — деп эл өкүлдөрүн ишендирди.