Биз менен байланышыңыз

Чек ара ачылбаса, Кытайдан келген товарлардын баасы өсөт

Кытай менен чектешкен чек ара убактылуу жабылып, жүк ташып өтүүгө мүмкүнчүлүк жок боло баштады.. Ушундан улам Кытай тараптан ташылып келген айрым товарлардын баасы жогорулаганы байкалууда. Соодагерлер кампаларында 2 айга жетиштүү товар бар экенин айтышат. Эгерде ал аралыкта кыргыз-кытай чек арасы ачылбаса, анда товарлардын баасы жогорулашы мүмкүн. Бул жагдайдын алдын алуу максатында Экономика министрлиги башка өлкөлөрдөн керектүү товарларды импорттоо багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.


Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылгандыктан, учурда товар алмашуу токтоп турат. Азырынча чек ара качан ачылары белгисиз. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын чек ара көзөмөл башкы башкармалыгынын жетекчиси Нурланбек Жалбиев билдирди.

— Учурда чек арадан эки тараптан тең оор жүк ташуучу унаалар да, жарандар да өткөн жок. Чек ара толугу менен жабык. Короновирустун жаңы түрү күч алып жаткандыктан, чек аранын качан ачылары белгисиз.

Мындай абал соодагерлерди кооптонтууда. Алсак, Бишкектеги “Дордой” базарынын сатуучуларынын айтымында, учурда Кытайдан келген айрым товарлардын наркында өзгөрүүлөр байкалууда. Кампаларда 2-3 айга жете турган өндүрүмдөр бар. Бирок чек ара ачылбаса, товар таңкыстыгы жаралып, баалар кымбатташы мүмкүн. Абалга тынчсызданданган сатуучулар төмөнкүлөргө токтолду:

— Кытайлар товарларынын баасын көтөрүүдө. Анткени аларда да өндүрүш азайып жатат. Баратейка 5 сомго, тырмак алуучу каражат 10 сомго кымбаттады. Негизинен, көп керектелүүчү товарлардын баасы 10-20 сомго көтөрүлдү. 

— Товарларым сатылып бүтүп бара жаткандыктан коркунуч бар. Чек ара ачылбаса, элдин жашоосу кыйын болуп кетет. Калктын баары бай эмес. Биз жалаң гана Түркия же БАЭнин товарлары менен бардык элдин муктаждыгын камсыздай албайбыз.

— Биз фурнитура сатабыз. Азырынча 2-3 айга жетиштүү товар бар. Эгерде түгөнүп калса, башка мамлекеттерден алабыз. Учурда Түркия тарап менен сүйлөшүп жатабыз. 

— Жаш балдардын байпактары 35 сомдон башталат. Чоңдордун байпактарынын наркы 50, 60, 80, 100 сом… Өткөн аптада ар бир байпакка 2-3 сомдон кошулуп, баалар өсүп кетти эле. Азыр кайра түштү. 

Өткөн аптада “Дордой” базарында Кытайдан келген полиэтилен баштыктарынын наркы 5-10 сомго, байпактар 3 сомдон 5 сомго чейин жогорулаган. Чек ара жабылгандан бери жиптердин түрмөгү 10 сомго кымбаттаган. Маселен, кийим илгичтин баасы 2 сомго көтөрүлгөнүн сатуучу Аман Орозбаев кабарлады.

— Эгерде чек ара ачылбай калса, анда кийим илгичтин баасы 10-15 сомго жогорулайт. Азырынча өндүрүм жетиштүү. Дагы 1-2 ай бааларды туруктуу кармай алабыз. 

Ошол эле учурда турмуш-тиричилик техникаларынын баасы туруктуу. Өткөн аптада “Мадина” базарында кездемелердин наркы көтөрүлгөн, бирок кайра эле арзандаган.

— Бир жума мурда «Мадинада» кездемелердин баасы көтөрүлүп, сатып алуучулар дүрбөлөңгө түштү. Бирок 2-3 күндө кайра баа мурунку калыбына түштү. 

— Жылыткычтардын наркы 2000 сомдон башталат. Сапаттуусу 2500 сом. Үтүктөр түрүнө жана сапатына жараша бааланат, эң арзаны — 300 сом. Чач кургатуучу техника да 300 сомдон башталат. Нарк туруктуу. Алсак, чаң соргучтун баасы былтыр кандай болсо, азыр да ошол эле калыпта. Бирок товарлардын айрым моделдери түгөндү. 

Өкмөт Кытайдан келген товарлардын тартыштыгын алдын алуу жана бааларды туруктуу кармоо максатында ишкер, жүк ташуучулар менен акылдашып, маселени чечүүнүн жолдорун карап жатат. Алсак, Тышкы иштер министрлиги аркылуу Кыргызстанга керектүү өндүрүмдөрдү импорттоо багытында башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Мындан сырткары, базарларда товарларга мониторг жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин аймактар аралык башкы башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев маалымдады.

— Былтыркы жылы кыргыз-кытай соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2 млдр долларга жакындаган. Ошондуктан азыркы көрүнүш бизди да тынчсыздандырат. Өткөн жылы Кытайдан импорттолгон товарлардын 3 пайызын азык-түлүктөр түзгөн. Калган 97%ы жабдуулар, кездемелер, бут кийим, жеңил өнөр жай тармагына керектүү товарлар. Биз азык-түлүктөрдү Орусия, Казакстандан алып келсек болот. Ал эми жеңил өнөр жайга керектүү товарларды Өзбекстандан ташып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Тышкы иштер министрлиги аркылуу ар бир элчиликтерге кайрылып, КРга зарыл болгон товарлардын кайсы түрү ошол өлкөдө өндүрүлөрү боюнча маалымат алып жатабыз. Баарын чогултуп туруп, өзүбүздүн сунуштарды ишкерлерге беребиз. Бизнес өкүлдөрү, ассоциациялардын жетекчилери менен да жолугуп, пикир алышуудабыз. Кытайдан келген товарларга альтернатива боло алчу өнүмдөрдү изилдеп жатабыз. Бизде соода жүгүртүү эркин, мындан улам соодагерлер бааларды көтөрүп жиберсе, аларга эч кандай чара көрө албайбыз. Бирок күндөлүк керектелүүчү азыктардын баасы 20%дан жогорулап кетсе, чектөө киргизүүгө укуктуубуз. 

Эске салсак, Кыргызстан 1-февралда Кытай менен чектешкен мамлекеттик чек араны убактылуу жапты, аба каттамын токтоткон. Мындай чечимди Кыргызстандын аймагына короновирустун кирүүсүн алдын алуу жана жайылуусуна жол бербөө боюнча республикалык штаб кабыл алган.

Copyright © 2017 Maral FM