Биз менен байланышыңыз

Былтыр 6 прокурор иштен алынды

Кыска кабар | 24 Фев 2020 | 359 | 0

Прокуратура кызматкеринин наамын жаманатты кылуучу, абийрин кетирүүчү жоруктарды жасагандыгы жана көзөмөл органынын аброюна шек келтиргендиктери үчүн 2019-жылы 6 прокурордук кызматкер ээлеген кызмат ордунан жана Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын катарынан бошотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле, 2019-жылы 245 прокурордук-тергөөчү  кызматкер эмгектик жана аткаруучулук тартипти бузгандыктары үчүн тартиптик жоопкерчиликке тартылышкан.

Башкы прокуратуранын өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмү тарабынан өткөн жылы прокуратура органдарынын аймактык түзүмдөрүндөгү кызматкерлер тарабынан жасалган бузууларды аныктоо максатында 34 жолу күтүүсүз текшерүүлөр жүргүзүлгөн.

Өткөн жылы Башкы прокуратуранын этика маселелери боюнча комиссиясы кесиптик этиканы бузгандар боюнча 12 материалды карап, анын жыйынтыгында, 4 прокуратура кызматкерине ооз эки эскертүү, 3 кызматкерге адепсиз жүрүш-туруштарга жол бербөө тууралуу эскертүү жана 1 кызматкерге көпчүлүктүн алдында кечирим суроо жазаларын берген.

Copyright © 2017 Maral FM