Биз менен байланышыңыз

Стамбулда Идлиб боюнча төрттүк саммит өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2020 | 645 | 0

Түркиянын Стамбул шаарында Сириянын Идлиб провинциясындагы жагдайга байланыштуу 4 өлкө жетекчилеринин катышуусунда саммит өтөт. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган маалымдады.

Саммит 5-мартка белгиленген. Ага Орусия, Түркия, Германия жана Франция лидерлери катышмакчы.

Ангела Меркель менен Эммануэль Макрон 20-февралда Владимир Путинге Эрдоган менен биргеликте Идлибдеги куралдуу кагалашты тынчтандыруусун сунуштаган. 2018-жылы октябрда да аталган өлкөлөрдүн катышуусунда Сирия боюнча саммит болуп өткөн. Анда кабыл алынган Сочи меморандумунда Орусия менен Түркия тарабынан Идлиб аймагында ок чыгарбоо режими киргизилген. Ага карабай Орусия колдогон сириялык аскерлер менен Түркиянын колдоосунда аракет жүргүзгөн оппозиция тобунун кагылышы күч алып, жүздөгөн аскерлер менен жай тургундар курман болду.

21-февралда Эрдоган менен Путин телефон аркылуу Идлибдеги маселени талкуу кылган. Анда эки тарап Сочи келишимин ишке ашыруу, Сирядагы гуманитардык кризистин алдын алуу тууралуу сөз кылган. Бирок Идлибдеги атышуу токтотулган жок.

Түркия лидери Сирия бийлигинин качкындардын көбөйүүсүн шарттап, дайыма жай тургундарга өлүм алып келген Идлибдеги чабуулдарын колдогондугу үчүн Орусия менен Иранды күнөөлөп келет.

Ал эми Кремлдин өкүлдөрү Сирия аскерлеринин Идлибдеги соккулары жай жарандарга эмес, террористтерге, алардын аракетин токтотууга багытталып жатканын айтып, жооп кылууда.

Copyright © 2017 Maral FM