Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Венгрияга расмий сапар менен барат

Кыска кабар | 19 Фев 2020 | 395 | 0

Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто президент Сооронбай Жээнбековду Венгрияга иш сапары менен барууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-февралда өлкө башчысынын кабыл алуусу учурунда айтты.

Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары кыргыз-венгер мамилелеринин жигердүү өнүгүшү байкалып жаткандыгын белгиледи. 2018-жылдын сентябрында Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга биринчи расмий иш сапары менен келген.

Венгрия менен кызматташууну арбытуу Европа бирлигинин (ЕБ) институттары менен кызматташууну бекемдөөгө өбөлгө түзөөрүн баса белгиледи.

Жээнбеков бардык артыкчылыктуу багыттарда, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестиция жаатындагы багыттарда Венгрия менен жемиштүү кызматташууга даярдыгын билдирди. Кыргызстанда Венгрия Элчилигинин ачылышы достук мамилелерди жана биргеликте аракеттенүүнү бекемдөөгө көмөктөшөрүн кошумчалады.

Министр Петер Сийярто өз кезегинде венгер тарап Борбордук Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берерин билдирди.

Мындан сырткары, ал Венгрия салык тармагын реформалоо, инвестициялык кызматташууну жакшыртуу жана экспорттук дараметти кеңейтүү боюнча Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлерин кабыл алып, окутууга даяр экенине токтолду. Ошондой эле Кыргызстандын студенттери үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларынан билим алууга квоталарды көбөйтүүгө да даярдыгын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM