Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Мирзиёев менен Эрдоган жолугушат

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Фев 2020 | 493 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен 19-февраль күнү Анкарага сапар алды.

Маалыматка караганда, эки тарап стратегиялык келишим кеңешинин жыйынын өткөрөт.

Анда саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, каржы, транспорт-коммуникация, билим берүү жана маданий-гуманитардык жактан эки тараптуу кызматташуулар талкууланмакчы. Андан сырткары, регионалдык жана эл аралык көйгөйлөр боюнча пикир алмашуулар болору айтылган.

Ошондой эле, Мирзиёевдин Түркиядагы бизнес-чөйрө менен жолугуусу жана Түркия президентинин админстрациясы тарабынан ачылып жаткан улуттук китепкананын салтанаттуу ачылышына катышары мерчемделген.

Copyright © 2017 Maral FM