Биз менен байланышыңыз

Японияда Diamond Princess круиздик лайнери карантинден чыгарылды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Фев 2020 | 622 | 0

Японияда жүргүнчүлөрдүн арасында коронавируска кабылгандар болгонуна байланыштуу 14 күнгө карантинге алынган «Алмаз ханышасы» (Diamond Princess) круиздик лайнериндеги карантин токтотулду. Лайнердин бортундагы эки жумалык карантинден соң коронавирустун белгиси байкалбаган алгачкы 500 киши Япониянын Иокогама шаарындагы портко түшүрүлдү.

Ичинде 3 700 жүргүнчүсү бар япониялык лайнер 3-февралда карантинге алынып, Йокогаманын портуна токтотулган.

Йокогамадан 20-январда чыккан кеме Кагосима – Гонконг – Окинава багытында жүрүп, 3-февралда кайрылып келмек. Бирок, өз мекенине жеткенде лайнерден түшүп калган 80 жаштагы Гонконгдун тургуну 2019-nCoV вирусун жуктуруп алганы аныкталган. 3-февралга карай кемедеги бир нече адамдын абалы кескин начарлаган. Жапония бийлиги кемени сууда кармоо чечимин чыгарып, экипаж мүчөлөрүн жана 3700 жүргүнчүнүн баарын текшерип чыгышкан. Коронавирус белгиси катталгандар ооруканага которулуп, ал эми кеменин калган жүргүнчүлөрү менен экипаж мүчөлөрүн 14 күн карантинге алып, 19-февралга чейин кемеде кармап туруу чечими чыккан. Андан бери лайнердеги 450дөн ашык жаран вирусту жуктурду. Буга чейин коронавирустун белгиси байкалбаган, анализи таза чыккан жарандарга 19-февралда кемеден чыгууга урусат берилери айтылган.

19-февралга карата вирус жуккандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Белгилеп өтсөк, эл аралык маалымат булактарында Япониядагы карантинге алынган круиздик лайнеринде жаңы коронавируска кабылгандардын арасында Кыргызстандын жараны бар деген маалымат тараган. Саякат кемесиндеги оператор Япониянын Саламаттык сактоо министри 67 жаңы жагдайды аныктаганын билдирген. Алардын арасында круиздик лайнерде иштеп жүргөн Кыргызстандын жараны да бар экенин айткан.


Коронавируска кабылган алгачкы кыргызстандык жаран катталды


Кийинчерээк белгилүү болгондой, кыргыз жараны менен бир бөлмөдө жатып, тыгыз байланышта болгон адам коронавируска кабылган. Буга байланыштуу кыргызстандык жарандын да вирусту жууктурушу ыктымал деген шек жаралган. Бирок мекендешибиздин абалы канааттандырарлык, дене табы көтөрүлгөн жок. Алар туруктуу кароого алынды. Учурда өзүн жакшы сезип жатканын айтууда.

Кыргызстандын Япониядагы элчилиги «Алмаз ханышасы» саякат кемесинде болуп, коронавирусту жуктурууга шектелип жаткан мекендеш менен үзгүлтүксүз байланышта болуп жатат.


19-февраль: Коронавирусту жуктургандар 75 миңге чамалады [хронология]


Учурда Кытайда коронавирусту жуктургандар 72 530га жетип, 12 562 адам айыгып, оорунун кесепетинен жалпы 1 870 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM