Биз менен байланышыңыз

Кичин Орусиянын «Торпедо» клубу менен келишим түздү

Кыска кабар , Спорт | 18 Фев 2020 | 555 | 0

Кыргыз улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичин Орусиянын Улуттук лигасында ойногон легендарлуу «Торпедо» клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, келишим сезондун аягына чейин түзүлгөн.

Бул тууралуу Кичин инстаграммдагы баракчасында да билдирип, кубанычы менен бөлүшкөн. «Торпедо сыяктуу ири клубга кошулганыма кубанычтамын. Жакшы жыйынтык үчүн бар күчүмдү жумшайм», — дейт Кичин.

Валерий Кичин «Торпедо» клубунун кароосунда жүргөнү айтылган болчу. Буга чейин Беларусиянын «Динамо Минск» командасы Валерий Кичин менен келишим токтотулганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM