Биз менен байланышыңыз

Дастанбек Жумабеков: Парламенттик шайлоого “Кыргызстан” партиясы менен катышам

Кыска кабар | 17 Фев 2020 | 1837 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков ушул жылы боло турган парламенттик шайлоого “Кыргызстан” саясий партиясынын курамында катышат. Бул тууралуу ал Би-Би-Си радиосуна берген маегинде билдирди.

Мен 2015-жылы “Кыргызстан” саясий партиясынан шайланып, Жогорку Кеңеште депутат болуп олтурам. Менин партиям бүгүнкү күндө “Кыргызстан”. Келечекте “Кыргызстан” партиясы менен барам деп айткым келет”, – дейт төрага.

“Кыргызстан” саясий партиясы эң биринчилерден болуп 2020-жылы боло турган Парламенттик шайлоого катышаарын жар салышкан. VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешке шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM