Биз менен байланышыңыз

БШК: «Кыргызстан» партиясынын документтерин артка кайтаруу сунушталды

Кыска кабар | 25 Авг 2020 | 859 | 0

25-август күнү «Кыргызстан» партиясынын керектүү документтери Борбордук шайлоо комиссиясына расмий өкүл тарабынан алынып келинген эмес. Ошол себептүү БШКнын жумушчу тобу партиянын документтерин кайтарып берүүнү сунуштады. Бул тууралуу БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов комиссиянын жыйынында билдирди. Ал эми партиянын расмий өкүлү Эльвира Абелдиева өзүн жаман сезгендиктен, келе албай калганын түшүндүрдү.

-Бул жерде эң чоң ката документтерди атайын өкүлдүн өзүнүн алып келбегени болду. Себеби 60-61-беренелерде өкүлдүн жоопкерчилиги толук белгиленген. Ошону эске алсаңыздар. Сиздер айрым милдеттериңиздерди мыйзамда жок деп жатасыздар. Биз сизге ден соолук каалайбыз, бирок мыйзам баарына бирдей, — деди БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Боршайкомдун мүчөлөрү жумушчу топтун берген сунушун бүгүн отурумда карап, чечим кабыл алмакчы. Эгерде колдоо тапса, документтер партияга кайтарылып, шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.

Эскерте кетсек, «Кыргызстан» партиясы тиешелүү документтерин БШКга 24-август күнү саат 18:00дөн кийин алып келгени айтылган. Ошол себептүү башка партия өкүлдөрү  «Кыргызстан» мыйзам бузганын, бул үчүн атайын баа берилиши керектигин талап кылышкан. Бирок партия лидери Канатбек Исаев баары мыйзам чегинде болгонун, документтер атайын өкүл тарабынан БШКга жеткирилгенин белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM