Биз менен байланышыңыз

Мыйзамсыз ташылып келинген 2 млн сомдук оргтехникалар кармалды

Кыска кабар | 17 Фев 2020 | 473 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келинген баасы 2 754 000  сом болгон оргтехниканы кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Ыкчам бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен облусундагы  Жаштык айылында “Х.Н.Ш” аттуу Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц спринтер” үлгүсүндөгү транспорт каражаты токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн  транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы баасы 2  млн 754 миң сомдук төмөнкү оргтехникалар жана эл керектөөчү товарлар табылган.

  1. “ACER” маркасындагы ноутбук — 90 штук;
  2. “Lenovo” маркасындагы ноутбук — 8 штук,;
  3. “HP” маркасындагы ноутбук — 20 штук;
  4. Баш кийим – “AMERICANSTYLE AFNY” маркасындагы баш кийим — 1 000 штук.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM