Биз менен байланышыңыз

Салык органдарында бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду

Кыска кабар , Экономика | 15 Фев 2020 | 621 | 0

Аймактык салык органдарында бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тийиштүү буйруктарга Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Ош шаары боюнча салык органынын начальниги Э.Чоюнов ротация тартибинде Жалал-Абад шаары боюнча салык органынын начальниги болуп дайындалды.

Ал эми Ош шаары боюнча салык органынын начальнигинин милдетин аткаруучусу болуп, сынактык тандоо өткөрүлгөнгө чейин ушул эле салык органынын бөлүм башчысы Р.Аданов аныкталган.

Жалал-Абад шаары боюнча салык органынын начальниги болуп эмгектеген К.Ормонов ротация катарында Октябрь району боюнча салык органынын начальниги болуп дайындалса, Октябрь району боюнча салык органынын начальниги А.Каримов Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын бөлүм башчысы кызматына которулду.

Маалыматка ылайык, ротация башкаруу ишин жакшыртуу, ошондой эле, салык жыйымдарын чогултууда салык органдарынын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM