Биз менен байланышыңыз

АКШ Идлибдеги чатакка аралашпайт

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Фев 2020 | 429 | 0

АКШ Сириянын Идлиб провинциясында болуп жаткан кырдаалга аралашпай тургандыгын билдирди. Анткен менен аймактагы кырдаалга тынчсызданып жатышканы да жашыруун эмес. Бул тууралуу АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Роберт О Брайен вашингтонгдук Атлантика кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө белгилеп өттү.

Жардамчынын айтымында АКШ конфликт болуп жаткан аймакка аскерлерди жөнөтпөйт. Себеби бул согуштун АКШга эч кандай тиешеси жок.

-Биз Идлибдеги жагдайды оңдоо үчүн аскердик кийлигишүү кылганды туура эмес көрөбүз. Ошондуктан Сирияга прашют менен десанттарды түшүрүү ниетибиз да жок. Орусияны, Түркияны ушунуңарды токтотпойсуңарбы деп да айтпайбыз. Аларды токтотуш үчүн биз эмне кылышыбыз керек? Биз эмне баарын тыйгыдай дүйнөлүк жандарм белек”, — деди Вашингтон администрациясынын башчысынын кеңешчиси. Ошондой эле ал Идлиб провинциясындагы кырдаалга “өтө коркунучтуу” деген баасын берди.

Президенттин кеңешчиси АКШнын азыркы өкмөтүнүн позициясы мурдагы администрациялардын “тынчтыкка күч менен жетүү керек” деген принцибинен айырмаланып турарын түшүндүрдү.

.

 

Copyright © 2017 Maral FM