Биз менен байланышыңыз

УКМК: Баабиевдин билдирүүсү- кылмыш жоопкерчилигинен качуунун аракети

Кыска кабар | 10 Фев 2020 | 661 | 0

«КСДП партиясынын мүчөсү Фархат Баабиевдин арызына ылайык, аймактар аралык кастыкты жана улуттар аралык мамилени козутууга багытталган видео-кайрылуусун, ал жердеги адамдардан кечирим сурагандыгын УКМКнын кызматкерлери тарабынан монтаждалып интернет тармактарына жайылтышты» дегенин УКМК кылмыш жоопкерчилигинен качуунун аракети катары баалайт.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Мамлекеттик соттук-экспертиза кызматынын чыгарылган корутундусуна ылайык, Баабиевдин сөздөрүндө аймактар аралык кастыкты козутууга, зомбулук көрсөтүүгө ачык чакырактар камтылган. Иликтөөдөн өткөн текстте мамлекетте башаламандыкты уюштуруп, учурдагы бийликти күч менен басып алууга алып келе турган чакырыктардын бар экендиги аныкталган.

Ошондой эле, Алматы шаарындагы соттук экспертиза Инстититутунун соттук-фоноскопиялык экспертизасынын берген корутундусуна ылайык, жазылган үн жана сөз Баабиевге таандык болгону аныкталган.

Баабиев менен «Аман» аттуу жарандын сүйлөшүүсүндө Чүй облусунда Ош облусунун ишкерлерининин бизнестерин талап, үйлөрүн өрттөп, аймактар аралык  кастыкты козутууга багытталаган чакырыкты байкоого болот.

Буга байланыштуу, 2019-жылдын 15-августунда УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренсинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иштердин негизинде материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ошону менен бирге, ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иштерин тергөөнүн жүрүшүндө, массалык башаламандыкты уюштурууда Баабиевдин активдүү катышкандыгы аныкталган. Буга байланыштуу 2019-жылдын 14-августунда ИИМ тарабынан ал массалык башаламандыкка катышуучу катары шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда ИИМ Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан Баабиевге байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иши аяктоодо.

2019-жылдын 14-августунда «YouTube» аркылуу «Атамбаев тарапкерлери эмнени эңсеген?» деген темада аймактар аралык кастыкты жана улуттар аралык козутууга багытталган видео таратылган.

Кошумчалай кетсек, 7-8-августундагы массалык башаламандыкка катыштыгы бар деп шектелип жаткан Фархад Баабиев Аскер прокурору Нуркамал Набиевге УКМКнын тергөө башкармалыгынын Сагынбек Самидин уулунун жетекчилиги астында турган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине укуктук баа берүүсүн өтүнүп арыз жазган.

УКМКнын тергөө абагында жаткан Баабиев УКМКнын кызматкерлеринин ишин чагымчыл деп баалап, аларга карата кылмыш ишин козгоого чакырган.

Copyright © 2017 Maral FM