Биз менен байланышыңыз

Өткөн жылы милиция кызматкерлерине карата 63 кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 30 Янв 2020 | 463 | 0

2019-жылы милиция кызматкерлерине карата 63 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинде 27 коррупция фактысы, 22 кызматынан кыянаттык менен пайдалануу, 2 алдамчылык фактысы бар. Силер мыйзам бузгандардын тизмесине түшпөй, жарандарыбыз үчүн үлгү болушуңар керек. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигинин 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегиясында билдирди.

«Укук тартиби планында 2019-жылы жеңил эмес жылдардан болду. Сот-укуктук реформанын алкагында бир нече жаңы кодекстер жана мыйзамдар күчүнө кирип, «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы ийгиликтүү жүзөгө ашырылды, патрулдук милиция башкармалыгы түзүлдү. Былтыр катталган кылмыштардын 87% бетин ачуу үчүн ички иштер органдарына берилген», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Copyright © 2017 Maral FM