Биз менен байланышыңыз

Таиланддагы ок атуудан 27 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Фев 2020 | 619 | 0

Таиланддын түндүгүндөгү Накхонратчасима шаарындагы ок атуудан 27 адам каза болуп, 57 адам ар түрдүү жаракат алганын Таиланддын премьер-министри Прают Чан Оча маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды.

«Такталган маалыматтарга ылайык, 27 адам каза болду. Анын ичинде атайын күчтөрдүн жоокерлери, жарандар жана ок аткан адамдын өзү бар. Ок атуудан 57 киши жаракат алып, алардын ичинен 25и ооруканадан үйгө чыгарылды«, — деди Өкмөт башчы.

Ишемби күнү Томма аттуу куралдуу аскер кызматкери Таиланддын түндүк-чыгышындагы соода борборунда өтүп бара жаткан адамдарга ок чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM