Биз менен байланышыңыз

Токаев: Кордайдагы жаңжалга жол берген чиновниктер жазаланат

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Фев 2020 | 439 | 0

Казакстандын Кордай районунун калк жайгашкан аймактарында чыккан жаңжалга жол берген чиновниктер жазаланат. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

-Учурда Кордай районунда кырдаал туруктуу. Бердибек Сапарбаев башында турган өкмөттүк комиссия келип чыккан кырдаалды иликтөөдө. Жаңжалдын чыгышына жол берген мамлекеттик кызматкерлер жазаланат.  Жаңжалды чыгарган чагымчыл топтор жоопкерчиликке тартылат. Жабырлануучуларга жардам берилет. Жарандык позициясын көрсөткөн мекендештерге ыраазымын» , — деп жазган Токаев Twitter баракчасына.

Ошондой эле, Токаев  чыккан жаңжалды чагымчыл топтор уюштурганына токтолуп, тынчтык жана ынтымакты бузууга эч кимдин укугу жок экендигин билдирген.

Белгилей кетсек, 7-февралда кечке маал Кордай районунун Масанчи жана Сары-Төбе айылдарында жергиликтүү тургундардын ортосунда мушташ чыккан. Аталган 2 айыл Кыргызстан менен чектеш жерде жайгашкан жана ал жерде дунган улутундагы тургундардын жашаары белгилүү.

Copyright © 2017 Maral FM