Биз менен байланышыңыз

Кордайдагы жаңжалдан 8 адам мерт болду

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Фев 2020 | 1267 | 0

Казакстандын Кордай районундагы башаламандыктын кесепетинен 8 жаран каза болду. Бул тууралуу кошуна өлкөнүн ички иштер министри Ерлан Тургумбаев маалымдаганын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Анын айтымында, 7-февралда саат 19:00да Жамбыл облусунун полиция департаментине билдирүү келип түшкөн. Анда Масанчи айылында ачууланган абалда 70 жаран чогулганын, массалык мушташ башталганын кабарлашкан.

Министрдин айтканына караганда, чагымчылдар окуяны видеого, сүрөткө тартып, башкаларды да жаңжалга катышууга чакырышкан.

-Башаламандык учурунда 10дой адамга ок тийип, анын 8и каза болду.

Белгилей кетсек, 7-февралда кечке маал Кордай районунун Масанчи жана Сары-Төбе айылдарында жергиликтүү тургундардын ортосунда мушташ чыккан. Аталган 2 айыл Кыргызстан менен чектеш жерде жайгашкан жана ал жерде дуңган улутундагы тургундардын жашаары да белгилүү.

Кыргызстандын Чек ара кызматы өткөрмө пункттарында абал туруктуу экенин, тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын маалымдаган болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM