Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Экономикалык жактан жок болуп кетчү жолго түшүп алдык

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Фев 2020 | 2397 | 0

2012-жылы Кыргызстанда 880 миң унаа болгон. Ошол транспорт каражаттары үчүн ташылып келинген 800 миң тонна бензинге акциз салыгы чогултулган. Бул тууралуу ошол кездеги финансы министри, азыркы депутат Акылбек Жапаров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Ал азыр унаалардын саны 1 млн 150 миңге жеткени менен 440 миң тонна гана күйүүчү майдан салык чогултулганын белгиледи.

-Калган 600 миң тонна бензин машина менен ташылып келинген жок. Бир поезд менен 33 вагон келгенде 2000 тоннанын тегерегиндеги май ташылып келинет. Ошондо 300-400 поезд менен келген бензинден салык жөн эле алынбай эле калып жатат дегенге мен ишенбейм. Бул көлөм укук коргоо органдарынын салык кызматындагылар менен чогуу бизнес кызыкчылыктары айкалышып калгандыктан көбөйүп жатат. Бул жүрүп отуруп өлкөнүн жоголушуна алып келет, — деди депутат.

Жапаров бул көйгөйдү санариптештирүү жана фискалдаштыруу жолу менен чечүүнү сунуштады. Мындай ыкманы колдонгон Арменияны мисал келтирип, 3 млн жашоочусу бар өлкө салыктан 3 млрд доллар таап жатканын айтты.

-Грузия 4 млн. калкы менен 5 млрд. 700 млн доллар таап жатат. Биз 2 млрдга жетпеген акчаны чогулта албай жатабыз. Мени ушул маселе ызалантат. Жаныбыздагы Алматы шаарына жаш мэр кызматка келип, 3 жылдын ичинде шаардын салык боюнча бюджетин 1млрд. 650 млн долларга чыгарды. Ошончо салыкты биздин Бишкек дагы бере алат. Бирок биз бүт өлкөдөн ошол сумманы араң чогултуп жатабыз. Бул багытта аябай артта калып жатабыз. Буга кызыктар болуп, салыкты төлөбөй, экономиканы бузуп жаткандар да болуп жатат. Салык төлөбөсөң, кредит ала албайсың, чет элдиктер менен соода алмаша албайсың. Өзүң менен эле кызматташып жүрө бересиң. Ошентип, экономикалык жактан жок болуп кетчү жолго түшүп алдык,— дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM