Биз менен байланышыңыз

Түркия менен Орусия Идлиб маселесин талкулайт

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Фев 2020 | 581 | 0

Орусия делегациясы Идлиб провинциясындагы деэскалация аймагындагы абал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Түркияга барат. Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу маалымдады.

Анын айтымында, 8-февралда Тышкы иштер минстрлигинин өкүлдөрү жетектеген Орусия делегациясы Түркияга барат. ТИМдер ортосунда сүйлөшүүлөр жүргөн соң, андан ары кажет болсо, эки өлкө башчысы Идлиб маселесин талкуулоо үчүн жолугушмакчы.

Кечээ, 6-февралда Мевлют Чавушоглу Түркия Орусияны Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн Идлиб провинциясындагы чабуулдарын тез арада токтотууга чакырарын айткан. Ал Анкара Сириядагы көтөрүлүшчүлөрдүн акыркы таянычы саналган Идлибдеги кырдаалды жөнгө салыш үчүн Москва менен бирге иштеши керек экенин белгиледи.

Буга чейин Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган эгер Сириянын президентинин күчтөрү ушул айдын аягына чейин Идлибден чыгып кетпесе, түрк армиясы аларды аймактан күч менен сүрүп чыгарарын эскерткен.

Идлиб – 10 жылга жакын убакыттан бери Сириянын президенти Башар Асадга жана анын режимине каршылык көрсөтүп келген оппозициянын тарапташтары аракет жүргүзгөн акыркы сириялык провинция болуп саналат.

Түркия Сириянын оппозициясын, Орусия анын өкмөтүн колдойт. Эки өлкөнүн жетекчилиги Идлибдеги аскердик аракеттерди токтотуп, деэскалация тилкесине айлантууга макулдашкан. Бирок бул макулдашуунун шарттары бир нече ирет бузулган. Эки тараптуу жардыруулардан соңку убактарда бир нече аскер менен жай тургундардын өмүрү кыйылды. Мевлют Чавушоглу Идлибге болгон чабуул токтобосо, өлкөдөн чыккан качкындардын саны бир нече миллионго жетерин эскертти.

БУУнун маалыматына караганда, соңку 2 айда эле Идлиб провинциясындагы согуштан качкан качкындардын саны жарым миллиондон ашкан. Тактап айтканда, 1-декабрдан бери 520 миңдей адам турак-жайын таштап кетүүгө мажбур болгон. Алардын 80 пайыздан ашыгы – аялдар менен балдар.

Copyright © 2017 Maral FM