Биз менен байланышыңыз

Румынияда акысыз билим алуу үчүн 85 гранттык орун бөлүндү

Кыска кабар | 6 Фев 2020 | 687 | 0

Кыргызстандыктар 2020-2021-окуу жылында Румыния мамлекетинин жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу үчүн жарыяланган сынакка катышса болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен басма сөз кызматы билдирди.

Жалпы бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары боюнча 85 гранттык орун бөлүнгөн. Сынакка Европа биримдигинен башка бардык мамлекеттин жарандары катыша алат.

Бакалавриат жана магистратура программаларына катышууну каалагандардын жашы – 35, ал эми докторантурага тапшыргандардын жашы 45тен жогору болбошу керек.

Окутуу румын тилинде жүргүзүлөт, билбегендер биринчи окуу жылын тил үйрөнүүгө багыттайт.

Билдирмелер 16-мартка чейин тапшырылуусу керек.

Талаптар, шарттар жана билдирме формасы боюнча кеңири маалыматты программанын расмий сайтынан алса болот

(https://www.mae.ro/en/node/10251).

Copyright © 2017 Maral FM