Биз менен байланышыңыз

Кытайга айыл чарба азыктарын экспорттоо 23,7 % өстү

Кыска кабар | 6 Фев 2020 | 429 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун Чүй облусунун Ысык-Ата районуна болгон сапары уланууда.  Жергиликтүү жашоочулары менен жолугушуу учурунда өлкө башчы акыркы 2 жылда айыл чарба продукцияларынын географиясы кеңейгенин билдирди.

Мамлекет башчысы мисал катары Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы, Катар жана башка мамлекеттерге продукция чыга баштаганын айтты. Кытай менен экспорттоону активдештирүү максатында иш–аракеттер планы  бекитилгенин, аны ишке ашыруунун натыйжасында Кытайга болгон айыл чарба азыктарынын экспорту өткөн жылы 23,7 % көбөйгөнүн белгиледи.

Мындан тышкары, 2019-2022-жылдарда Кыргызстан экспортун өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн программасы кабыл алынган. Аталган программага ылайык, кайра иштетилген мөмө-жемиш продукциясын Кытайга экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү, кайра иштетилүүчү продукциянын өсүшүн камсыз кылуу үчүн бир нече чаралар каралган.

Copyright © 2017 Maral FM