Биз менен байланышыңыз

Президент Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушат

Кыска кабар | 6 Фев 2020 | 440 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына жумушчу сапарын улантууда. Бүгүн, 6-февралда, Мамлекет башчысы жумушчу сапары менен Чүй областына барат. Бул тууралуу Президенттик Апппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрөт.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков кайра иштетүүчү жана айыл чарба ишканаларынын ишмердиги менен таанышат.

Copyright © 2017 Maral FM