Биз менен байланышыңыз

Кайсы авиакомпаниялар Кытайга учуудан баш тартууда?

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Фев 2020 | 656 | 0

Коронавирустун жайылышына байланыштуу дээрлик бардык өлкөдөгү  авиакомпаниялар Кытайга болгон каттамдарын токтото баштады.

Алардын катарында:

  • Air Bishkek авиакомпаниясы Бишкек-Үрүмчү каттамы убактылуу токтотулду.
  • Казакстандык Air Astana Ухань (Пекин жана Үрүмчү).
  • Uzbekistan Airways.
  • Орусиялык Azur air, iFly, Nordwind.
  • S7 Кытайга, Гонконгго болгон каттамдарын толугу менен токтотту. Авиакомпания жүргүнчүлөргө билеттерди кошумча төлөмсүз кайра кайтаруу сунушун айтты.
  • «Урал авиалиниясы» Хайнанга карай Екатеринбург менен Тюменден учуучу чартердик программасын токтотту.
  • Lufthansa 28–февралга чейин Пекин жана Шанхайга богон аба каттамын токтотту.  Нанкин, Циндао жана Шэньян болсо 28-мартка чейин каттабайт.
  • Austrian Airlines мартка чейин Кытайга болгон аба жолдорун жапты.
  • Вьетнам Ухань шаарына болгон аба каттамдарын токтотту.
  • Индонезиялык Lion Air.
  • British Airways.
  • Сингапурдук Scoot (Ухань).
  • Казакстан жана Грузия каттамдарын 29-мартка чейин артка жылдырды.
  • «Эл аралык Украина авиалиниясы».
  • Thai Air Asia (Ухань).
  • Малайзиялык Airasia (Ухань).
  • Жапониялык All Nippon Airways (Ухань).
  • Korean Air Lines (Ухань).
  • Iberia (Шанхай).
  • Air France.
  • Kenya Airways.
  • Польшалык LOT авиакомпаниясы 29-февралга чейин Кытай менен аба каттамын үздү.
  • Saudi Arabian Airlines (Гуанчжоу).
  • Air India 8-фералдан тарта Дели – Гонконг авиарейсин токтотот.
  • United Airlines Гонконг менен болгон байланышын да токтотту. Буга чейин компания Пекин, Шанхай жана Чэнду аймактарына болгон каттамдар токтогонун айткан.

1-февралдан бери 4 чартердик кытайлык компания (Air China да бар) жана «Аэрофлот» Орусия — Кытай ортосундагы каттам жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM