Биз менен байланышыңыз

Лондондогу биржада нефтинин баасы түштү

Кыска кабар | 4 Фев 2020 | 591 | 0

Бүгүн Brent маркасындагы нефть үчүн фьючерстин баасы лондондук ICE биржасында 4,9%га барелине 53, 98 долларга түшүп кеткен..

Буга чейин Brent маркасындагы нефтинин барели 54 доллардан түшкөн эмес. Нефтилик котировкаларга Кытайдагы коронавирустун таркалышы зор таасирин тийгизип жатат. Туризм жана ишкердүүлүктүн активдүүлүгү азайганынан улам, нефтиге болгон талап Кытайда 20 %га же болбосо 3 млн баррелге азайып кеткен.

Эскерте кетсек, Кытай бийлиги 2019-жылдын декабрь айында эң чоң шаарлардын бири катары саналган Ухань шаарында пневмонияга алып келген коронавирустун 2019-nCoV түрү жайылып жатканын байкашкан. Калкынын саны 11 миллиондук өндүрүштүк шаарда миндеген чет өлкөлүк жарандар бар. Шаар толугу менен карантинге жабылган. Ар бир мамлекет өз жарандарын эвакуациялап алып кетип жатышат. КЭРдин сырткары оорунун бул түрү Орусия баш болгон 23 өлкөдө табылган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пневмониянын бул түрүн эл аралык өзгөчө кырдаал деп жарыялады.

Copyright © 2017 Maral FM