Connect with us

Батирде турган милицияларга эми компенсация төлөнөт

Кыска кабар | 3 Фев 2020 | 760 | 0

2020-жылдын 1-январынан баштап Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айлык маянасы 40%га жогорулатылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин бир кызматкердин айлык маянасы орточо эсеп менен 11 миң сомду түзсө, жогорулагандан кийин 19 миң сомду түзөт.

Убактылуу батирде турган кызматкерлерге компенсация төлөнөт, эгерде кызматкер Бишкек шаарында батирде турса, 9 миң сом, ал эми региондо батирде турса, 7 миң 500 сом төлөнөт.

Бүгүн, 3-февралдан баштап, ички иштер органдарына кызматка кирип жаткандар жана кызмат өтөп жаткан кызматкерлер менен контракт түзүлөт.

Кызматкерлердин маянасынын жогорулашы 2019-жылдын 25-июлунда №102 сандуу “Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” кабыл алынган мыйзамдын негизинде ишке ашырылууда.

Copyright © 2017 Maral FM