Биз менен байланышыңыз

Эми Виталий Люкс германиялык клубда ойнобойт

Кыска кабар , Спорт | 1 Фев 2020 | 833 | 0

Германиянын футболдук «Ульм» клубу Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын чабуулчусу Виталий Люкс менен келишим токтотулганын маалымдады.

Клуб менен оюнчунун ортосундагы келишим 2020-жылдын 30-июнуна чейин түзүлгөн. «Биз Виталийге ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ал акыркы жарым жылдын ичинде клубду өнүктүрүүдө маанилүү роль ойноду», — деди директор Стефан Байерл.

Люкс «Ульм» клубуна 2018-жылдын июль айында кошулуп, 40 оюн өткөргөн. Бул команданын курамында ал 2019-жылы «Кубок WFV» кубогун утуп алган. Ал эми бул сезондо Люкс «Түштүк-батыш» аймактык лигасында 4 жолу беттеш өткөргөн.

Copyright © 2017 Maral FM