Биз менен байланышыңыз

Азимжан Аскаровдун иши кайра каралат

Кыска кабар | 1 Фев 2020 | 489 | 0

Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши жаңы жагдайларга байланыштуу кайра каралат. Бул тууралуу анын адвокаты Валерьян Вахитов билдирди. 

-Ал өзүн күнөөлүү деп эсептебейт. Кыргызстан эл аралык милдеттерин аткарышы керек. Бул БУУнун адам укугун коргоо комитетинин сунушу тууралуу болуп жатат. Андан сырткары, биз Азимжан Аскаровдун камакка коюлган үйү тууралуу чечимдин кайра кайтарылуусун талап кылабыз,- дейт адвокат Вахитов.

Аскаровдун ишин кайра кароо Жогорку Сот тарабынан 25-февралга белгиленген.

Кошумчалай кетсек, буга чейин жай айында, адам укуктарын коргогон эл аралык 8 уюм укук коргоочу Азимжан Аскаровду боштондукка чыгаруу талабын коюп, Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жогорку комиссары Федерика Могериниге кайрылуу жолдошкон.

Азимжан Аскаров «2010-жылдагы кандуу окуяны уюштурган» деп соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Copyright © 2017 Maral FM